Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Спорттук медицина жана психология жаатында иш алып барган мамлекеттик ишкана түзүлдү
18.06.2025 | 12:41
Министрлер кабинети “Кыргыз спорт-ден соолук чыңдоо медицинасы борбору” мамлекеттик ишканасын түздү. Токтом “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.
Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Аталган ишкана Кыргызстанда спорттун жогорку жана улуттук түрлөрүн андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, спорттук медицинанын сапатын жогорулатуу жана спорттук психологияны киргизүү максатында түзүлдү.
Ишкана өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин алдында иш алып барат.
Рубрики: Жаңылыктар