Жаңы дайындалган министрлер ант беришти

Жаңы дайындалган министрлер ант беришти

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар министрлердин ант берүү аземи болуп өттү. Ага Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аземде төмөнкү жаңы дайындалган министрлер ант беришти:

  • саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев;
  • архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;
  • маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;
  • санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;
  • агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;
  • илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;
  • коргоо министри Руслан Мукамбетов.

Садыр Жапаров аземде сөз сүйлөп, ар бир дайындоо аларга ишенип берилген багыттарды өнүктүрөт деген ишенимге негизделгенин айткан.

Ошондой эле, министрлер ант берүү менен элге кызмат кылуу, мыйзамдарды так сактоо жоопкерчилигин өздөрүнө алаарын эске салып, мыйзам бузуулар орун алса, күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>