Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу адистештирилген мамлекеттик орган түзүү сунушун киргизди.
Анын демилгеси менен өлкөдөгү экология жана токой чарбасы маселелерине жооп бере турган өзүнчө агенттик түзүү пландалууда.
Юстиция министри Аяз Баетов жол куруу, жер өздөштүрүү, карьер иштетүү жана плотина куруу сыяктуу иштерде археологиялык изилдөөлөрдү жеңилдетүү пландалып жатканын айтты.
Мыйзамга президент кол койсо археологиялык табылга болушу мүмкүн болгон жерлердин тизмеси түзүлүп, ошол жерге гана Маданият министрлигинен уруксат алынат. Ал эми калган жерлерге археологиялык изилдөө жүргүзбөй эле курулуш башталып, эгерде кандайдыр тарыхый табылга кездешсе гана иш токтотулуп, окумуштууларга изилдөөгө берилмекчи.