Токмок шаарынын мэри кызматтан алынып, ордуна Алтынбек Эргешов дайындалды

Токмок шаарынын мэри кызматтан алынып, ордуна Алтынбек Эргешов дайындалды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Максат Нусувалиевди Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, анын ордуна Токмок шаарынын мэри болуп Алтынбек Эргешов дайындалды. 53 жаштагы Алтынбек Эргешов буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматында иштеп келген.

Эске салсак, кечээ, 24-июнда УКМК Токмок шаарынын мурдагы мэри Нусувалиевди шаардагы сейил бактын сапатсыз курулгандыгына байланыштуу камакка алган.

УКМК Токмок шаарынын мэри жана дагы эки жетекчи кармалганын маалымдады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>