Президенттер катышты. Азербайжандын Агдам районунда “Айкөл Манас” мектеби ачылды

Президенттер катышты. Азербайжандын Агдам районунда “Айкөл Манас” мектеби ачылды

Президент Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Азербайжандын Агдам районунун Хыдырлы айылында курулган “Айкөл Манас” орто мектебинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Кыргыз эли тарабынан Азербайжан элине белек катары курулган бул заманбап мектеп 528 орунга ылайыкталган. Курулушу 2024-жылдын март айында башталган билим берүү жайы 2,7 гектар аянтты ээлеп, учурда толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Мектеп үч окуу блоктон туруп, спорт жана жыйын залдары, китепкана, ашкана, илимий лабораториялар (физика, химия, биология), эки компьютердик класс жана башка керектүү окуу, административдик бөлмөлөр менен жабдылган. Мындан сырткары, мектептин айланасында футбол жана волейбол аянтчалары, эс алуу жайлары жана кошумча иш-чараларга арналган инфраструктура курулган.

Ачылыштан мурда мамлекет башчылары Хыдырлы айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, көчүрүлгөн тургундар үчүн курулган турак үйлөрдү көрүштү. Президенттер жаңы конуштун тургундарына турак жай ачкычтарын жеке өздөрү тапшырышты.

Президент Ильхам Алиев өз сөзүндө Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Карабахты калыбына келтирүүдөгү көмөгү жана достук колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул мектептин курулушу Садыр Жапаровдун жеке демилгеси болгонун баса белгилеп, «Айкөл Манас» мектебин эки өлкөнүн боордоштук байланышынын символу катары мүнөздөдү.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бул окуяны тарыхый мааниге ээ деп белгилеп, мектеп Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы руханий жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетээрин билдирди. Ал ошондой эле Агдамдагы “Айкөл Манас” жана Бишкектеги Гейдар Алиев атындагы мектептер эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын көпүрөсү экенин белгиледи.

Хыдырлы айылынын тургундары президенттерге жана Кыргызстан элине терең ыраазычылык билдирип, бул билим берүү жайы жаңы муун үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>