Жакырчылык бул социалдык адилетсиздиктин, экономикалык теңсиздиктин жана мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун көрсөткөн маанилүү көрсөткүч. Кыргызстандын социалдык саясаты акыркы жылдары дал ушул көйгөйдү чечүүгө багытталып, туруктуу механизмдер ишке кирди. Айрыкча жакыр үй-бүлөлөргө карата “Социалдык келишим” долбоору негизги каржылык инструмент катары чыгып, жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө аракет болуп калды. “Reporter.kg” бул ирет жакырчылыктан чыгуунун жолдоруна карата жасалган аракеттер жана Кытай Эл Республикасынын жакырчылыктан чыгуу тажрыйбасына жана экономикасынын кантип көтөрүлгөнүнө саресеп салат.
100 миң сом – жашоону жакшырткан сумма
2023-жылдан баштап Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан “Социалдык келишим” долбоору аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сомдон берилүүдө. Максат — жарандардын өз алдынча ишкерлик кылып, жөлөк пулдан көз каранды болбостон, туруктуу киреше булагына ээ болуусу.
Мындай көмөк биринчи жылда 10 миң үй-бүлөгө берилсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 16 миңден ашты. Өкмөт бул багытта 2 миллиард сом бөлүп, 20 миңге жакын адамды камтыды. Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен дагы 3 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
Бул каржылык колдоо жөн гана акчалай жардам эмес, ал жашоонун сапатын жакшыртууга, жумуш орундарын түзүүгө, коомдук активдүүлүктү жогорулатууга багытталган. Мисалы, ишкерликти жаңы баштагандардын катарында өндүрүш цехтери ачылып, айыл жергесинде чакан фермердик чарбалар уюшулуп жатат.
Мурунку жылдары жөлөк пул алуучулардын катарына кирүүдө көптөгөн үй-бүлөлөр өзүнүн реалдуу абалынан улам четте калып келген. Жөнөкөй эле мисал: иштебеген унаасы, эски муздаткычы бар жаран “жакыр эмес” деп эсептелип, мамлекеттик жардамдан куру калып келген. Ал эми азыркы системада үй-бүлөнүн жалпы кирешеси, жашоо шарттары, ишке жөндөмдүүлүгү эске алынып, так бөлүнүү жүрүп жатат. Бул — буга чейинки социалдык саясаттагы боштуктардын жоюлуп жатканынын белгиси.
Аймактардагы натыйжалуу аракеттер
Мындай долбоорлор жалаң гана борбор менен чектелбестен, аймактарга чейин жетүүдө. Мисалы, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында жарандар урап калган арыктарды калыбына келтирүү аркылуу өз айылын суу каптоо коркунучунан сактап, ошол эле учурда жумуш орду менен камсыз болушту. Мындай социалдык мааниси чоң долбоорлор бир жагынан инфраструктураны оңдосо, экинчи жагынан – киреше табуунун булагына айланып жатат.
Мамлекеттик ипотека – жарандар үчүн турак-жай алуунун жеткиликтүү жолу
Кыргызстанда акыркы жылдары жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик ипотекалык программалар активдүү ишке ашырылууда. Бул механизм өлкөдө жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүү, социалдык туруктуулукту бекемдөө жана үй-бүлөлөрдү колдоо багытында маанилүү кадамдардын бири болуп калды.
“Менин үйүм – 2021–2026” программасы
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Менин үйүм” программасы — турак-жайсыз же начар шартта жашаган жарандар үчүн батир алууну жеңилдетет. Бул программа аркылуу жарандар жеңилдетилген шарттарда ипотека алууга мүмкүнчүлүк алышууда. Ишке киргенден бери миңдеген үй-бүлөлөр жаңы батирлерге көчүп өттү.

default
Программа төмөнкү артыкчылыктарга ээ:
• Узак мөөнөттүү, 15-20 жылдык мөөнөткө берилет;
• Баштапкы төлөм аз же такыр жок;
• Пайыздык үстөгү банктык насыяларга салыштырмалуу бир кыйла төмөн;
• Мамлекет тарабынан колдоо болгондуктан, документтештирүүдө жана тандоо жараянында ачык-айкындуулук камсыздалат.
Курулуп жаткан турак жайлар
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча жалпысынан 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул үйлөр Бишкек, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана башка облустарда жайгашкан. Аймактарда көп кабаттуу үйлөр курулуп, жаш үй-бүлөлөр, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана медицина кызматкерлери сыяктуу социалдык мааниси чоң адистерге берилүүдө.
2024-жылдын биринчи жарымында эле 2 138 үй-бүлө жаңы батирге ээ болду. Алардын басымдуу бөлүгү жеңилдетилген жана социалдык ипотека программасы аркылуу берилип жатат.
Элдин жашоосу өзгөрүүдө
Мамлекеттик ипотеканын натыйжасында миңдеген үй-бүлөлөрдө жаңы жашоо башталууда. Үй-жай маселеси чечилген соң, адамдардын көңүлү жумушка, балдардын тарбиясына, билимге жана ишкерликке бурулат. Мындан тышкары, жашоо шарты жакшырган сайын экономикалык активдүүлүк да жогорулайт.
Кытайдын тажрыйбасы: сабак катары кабыл алсак болобу?
Кыргызстан өз жолун издеп жатканда, дүйнөлүк практикага да көз салуу маанилүү. Жакырчылык менен күрөшүүдө дүйнөлүк лидерге айланган Кытай 2021-жылы өз элин толук жакырчылыктан чыгарганын жарыялаган. Акыркы 30 жыл ичинде бул өлкө 745 миллион адамды жакырчылыктан арылта алды. Бул жетишкендик узак мөөнөттүү стратегияга, айыл жерин өнүктүрүүгө жана мамлекеттик катуу көзөмөлгө таянды.
Ушул жылдын 25-февралында Си Цзиньпин кытай эли толугу менен жакырчылыктан чыкканын айткан. Алгач, Кытайдын жакырчылыкка карата түшүнү тууралуу кеп салалы. Алар жакыр жашаган адамды элет жеринде, күнүнө 2,30 доллардан аз каражат сарптаган тургун катары көрөт. Бул түшүнүк 2010-жылы кабыл алынган. Күнүнө сарптаган акчадан тышкары, ал жарандын жашаган шарты, саламаттыкты сактоого жана билим алууга мүмкүнчүлүгү дагы каралат.
Си Цзиньпин кызматка киришкенден бери Кытайдын булуң-бурчундагы провинциялар бул максатка жетүүгө катуу умтулду. Мисалы, былтыр январда Цзянсу провинциясынын расмийлери 80 миллион тургундун 17 миллиону жакыр жашап жатканын жарыялаган.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 1990-жылдары Кытайдын 750 миллион киши же өлкө калкынын үчтөн экиси жакыр жашаган. 2012-жылы бул көрсөткүч 90 миллионго түшкөн. 2016-жылы болсо Дүйнөлүк банк Кытайда 7,2 миллион адам (өлкө калкынын 0.5 пайызы) жакырчылыкта жашап жатканын жарыялаган.
Демек, 2016-жылы Кытай өз максатына жетүүгө жакындап калган. 2025-жылга карата, 30 жылдын ичинде Кытайда 745 миллион киши жакырчылыктан кутулган.
Бирок мындай ийгилик, айрым эксперттердин пикиринде, авторитардык башкаруунун, калктын тандоо эркиндигин чектөөнүн натыйжасында мүмкүн болгон. Көп учурда кытай жарандары мамлекеттеги долбоорлорго каршылык көрсөтө албайт, шартка ылайык тез арада жер которуп, жаңы жашоо баштоого аргасыз болушкан.
Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу
2025-жылдын февралында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө жакырчылыкты кыскартуу боюнча Меморандумга кол коюшту. Бул келишим эки тараптуу тажрыйба алмашууга, айылды өнүктүрүү, адистердин потенциалын жогорулатуу жана Кытай моделине ылайык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Муну менен Кыргызстандын жакырчылыкка каршы күрөшүндө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат.
Кыргызстанда жакырчылыктан чыгуу аракети мурда да жүрүп келген. Бирок азыркы каржылык жана практикалык инструменттердин жыйындысы, жарандардын өз алдынча аракеттенүүсүнө түрткү берүүчү шарттар жаралууда. Бул — жөлөк пулдан көз карандуулукту жоюп, жарандык коомду күчтөндүрүүгө карай чоң кадам.
Албетте, бардык үй-бүлө ийгиликке жетишип кетет деп кепилдик берүү кыйын. Бирок мамлекет бул жаатта туура багыт тандады: жаранды жөлөп-таяп эмес, ишке үйрөтүп, ишкерликке тартууда. Демек, жакырчылыктан чыгуунун негизги ачкычы — адамдын өзүнө болгон ишениминде, ал эми мамлекеттин ролу — ошол ишенимди бекемдөөгө шарт түзүп берүүдө.