Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Туристтердин агымын арттырат. Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу асфальтталат
14.07.2025 | 17:39

Кара-Жыгач – Сары-Челек багытындагы унаа жолунун 6 чакырымдык бөлүгү асфальтталмакчы. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, учурда аталган тилкеде жер иштери кызуу жүрүп жатат. Асфальт төгүүгө даярдык иштери да башталган. Ведомствонун билдиришинче, бул жолдун оңдолушу аймактагы туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Жол курулушунун жүрүшү тууралуу кошумча маалыматтар кийинчерээк бериле турганы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Туризм