Кыргызстандык ырчы Рыскелди Старбеков Беларуста өтүп жаткан “Славян базары” фестивалынын алкагындагы XXXIV жаш аткаруучулардын Эл аралык “Витебск-2025” сынагында коло байгени жеңип алды.
Мындан тышкары, ага Беларусь Президенти Александр Лукашенконун атайын сыйлыгы — “Славян үмүтү” ыйгарылды.