Быйыл Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү 9,2%га өстү

Быйыл Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү 9,2%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн (ЕАЭБден тышкары) соода жүгүртүүсү 9,2%га өскөн. Бул тууралуу Бажы кызматы жарыялаган статистикалык маалыматтарда айтылды.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган убакыт аралыгында соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 384,8 млн долларды түзгөн. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 352,3 млн долларды түзгөн.

Айрыкча экспорт көлөмү өскөн. Ал 23,8%га өсүп, 137 млн долларга жеткен. Ал эми импорт 2,5%га өсүп, 247,76 млн долларды түздү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>