Жапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 жол техникасын бердиКыргызстан жана Россия мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын биргелешип жогорулатууга ниеттенүүдөЭдил Байсалов бийликтеги жараканын себептерин атап, президенттин айланасында биригүүгө чакырдыКыргызстан менен Иран кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташтыКыргызстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүүнү жана БУУдагы кызматташтыкты чыңдоону пландаштырууда11-февралдан тарта ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды милдеттүү түрдө колдонуу тартиби киргизилет
Аймактардагы жатак мектептерди оңдоп-түзөө үчүн 105,5 млн сом бөлүндү
10.07.2025 | 16:51
Аймактардагы бир катар жатак мектептерди жана атайын билим берүү уюмдарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 105,5 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттардын эсебинен имараттардын чатырлары алмаштырылып, жылытуу системалары, суу түтүктөрү жана электр чубалгылары оңдолот, санитардык түйүндөр жана ички бөлмөлөр жаңыланат.
“Бул иштердин сапаты жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү тыкыр көзөмөлгө алынат. Ишти так, жоопкерчилик менен жүргүзүү – жалпы системанын ийгилигинин негизи”, – деди министр Догдуркүл Кендирбаева.
Рубрики: Экономика
Теги: Агартуу министрлиги, жатак мектеп