Ош шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталуудаӨлтүрүп, сөөгүн көмүп салган. Кара-Балтада 38 жаштагы жаран кармалдыАКШда төрт адамдын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык 28,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүнКыргызстандын ИДПсы 8,8%га өстүЖибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкек U-23 дүйнөлүк чемпионатын өткөрүүгө талапкер болду
16.07.2025 | 17:02
Кыргызстан 2026-жылы Бишкекте 23 жашка чейинки балбандар арасында спорттук күрөш боюнча жаштардын дүйнөлүк чемпионатын өткөрүүгө расмий талапкер болду.

UWW (Дүйнөлүк күрөш уюму) жарыялаган календарга ылайык, чемпионат 12–18-октябрга пландалган. Кыргызстан менен катар бул мелдешти өткөрүүгө Хорватиянын Пореч шаары жана АКШнын Лас-Вегас шаары да кызыкдар.
Кыргызстан мурда жаштар жана чоңдор арасындагы Азия чемпионаттарын бир нече жолу кабыл алган. Бирок дүйнөлүк деңгээлдеги күрөш чемпионаты өлкөдө алиге чейин өткөн эмес.
Теги: Күрөш