Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Чолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдө
17.03.2026 | 14:34

Ушул тапта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында улуттук оюн – көк бөрү боюнча турнир өтүп жатат. Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдештер 15-мартта башталган.
Көк федерациясынын маалыматында, турнирге 24 команда катышууда. Учурда Жогорку жана Биринчи лиганын тайпалык оюндары өтүп жатат. Финалдык беттештер 21-мартта өткөрүлөт.
Жогорку лиганын тайпалары:
- А тайпасы: «Ысык-Көл», «Сары-Өзөн», «Намыс»;
- В тайпасы: «Мурас», «Талас Алтын-Альянс», «Достук»;
- С тайпасы: «Суусамыр», «Жылуу-Булак», «Шахтёр»;
- D тайпасы: «Казарман», «Ичке-Суу», «Ынтымак».
Биринчи лиганын тайпалары:
- А тайпасы: «Учкун», «Алдаяр», «Эр Намыс»;
- В тайпасы: «Көл-Төр», «Байтик», «Бакайыр»;
- С тайпасы: «Ак-Суу», «Соң-Көл», «Бийиктик»;
- D тайпасы: «Арашан Биримдик», «Кемин», «Кегети».
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт