Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурады
Ленин районунун акими кызматтан кетти
17.07.2025 | 16:26
Бишкек шаарында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Мэриянын маалыматына ылайык, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев кызматынан бошотулду. Анын ордуна Тариел Айтиев дайындалды. Айтиев буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, Жыргалбек Шакиев — Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууганы.
Мэрия бул кадрдык чечимдин себептери тууралуу расмий түшүндүрмө бере элек. Бирок байкоочулар бул өзгөрүүнү башкаруу системасын жаңыртуу аракети катары баалап жатышат.
Рубрики: Коом