Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
Өзгөндө Салык кызматынын башчысы кармалды
18.07.2025 | 15:20
Өзгөн райондук Салык кызматынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы райондук салык органы салык төлөөдөн качууга байланыштуу схеманы аныктаган. Бирок ага карабастан мекеме кызматкерлери мыйзам бузган субъекти менен кылмыштуу бүтүмгө келип, төлөнүүгө тийиш болгон салык суммасын атайылап азайтышкан.
Бул иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда. Учурда иш тергөөдө.
Рубрики: Коом