АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт
Сөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылды
31.03.2026 | 11:32

Нарын облусунда 12 жыл мурун дайынсыз жоголгон жарандын өлүмүнүн бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Тергөөнүн маалыматында, 2014-жылдын май айында Эмгек-Талаа айылынын 38 жаштагы тургуну дайынсыз жоголгон. Ал учурда милиция издөө жарыялап, кылмыш ишин козгогон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ошол эле жылы маркум менен анын жакын тууганынын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Натыйжада жаран денесинен оор жаракат алып, тергөө версиясы боюнча, анын сөөгү Нарын дарыясына ыргытылган.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 40 жаштагы К.М. кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар