Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Ысык-Көлдөгү жогорку окуу жайларда миңге жакын студент окуудан чыгарылды
22.07.2025 | 14:45
Ысык-Көл облусундагы үч жогорку окуу жайынан 941 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн комиссиялык текшерүүдө окуу жайлардын талаптарына баш ийбеген студенттер аныкталган. Жыйынтыгында:
- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен 779 студент;
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен 114 студент;
- И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен 48 студент окуудан чыгарылган;
УКМК жер-жерлерде билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди улантарын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар