Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды
23.07.2025 | 07:44
Белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардак наамы ыйгарылды. Президент Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү жарлык «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалынын сахнасында жарыяланды.
Сыйлык тапшыруу учурунда Димаш Кыргыз элине жана жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Димаш Кудайберген — «Мейкин Азия» фестивалынын алгачкы баш байгесинин ээси, ал бул наамга 2013-жылы өткөн фестивалда татыган.
Рубрики: Жаңылыктар