Ала-Арча жаратылыш паркында туристтик объекттер курулуудаСамат “Кыргыз” Эмил Новрузовдон утулуп калды. Калыстын чечими талаш жараттыЫсык-Көлдө 33 жылдан кийин “Мурас” ат чабышы өтүүдөБалыкчы – Бишкек багытындагы поездинин терезесин дагы сындырып кетишти1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга чаралар көрүлөт : МинистрНарын шаарына жаңы мэр дайындалды
Ысык-Көлдө куткаруучуларга арналган эс алуу жайы ачылды
25.07.2025 | 13:14
Ысык-Көл районунда куткаруучулар үчүн атайын уюштурулган «Асыл-Таш» эс алуу жайы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
«Буга чейин түйшүктүү кесипти аркалаган куткаруучуларды эс алдырууда шарттар жетишсиз болсо, эми бул маселе чечилди. «Асыл-Таш» пансионаты эми куткаруучулар үчүн кызмат кылат», — деди ӨКМ министри.
Анын айтымында, бул демилге президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясатынын негизинде ишке ашты. Буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бул объект мамлекетке кайтарылып, элдин кызыкчылыгына пайдаланылууда.
Пансионат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөндөн кийин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, куткаруучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар