Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
МинКаб Төрагасы суучул Денис Петрашовду коло медалы менен куттуктады
29.07.2025 | 16:03
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз суучулу Денис Петрашовду 100 метрлик брасс стилинде коло медаль жеңиши менен телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады
Петрашов жарышта марага 58,88 секундда келип, Кыргызстан үчүн дагы бир тарыхый жетишкендикке жетишти.
Касымалиев спортчуну өлкөнүн намысын эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатканын белгилеп, мындан аркы мелдештерде да ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Денис Петрашов — кыргыз спортунда суу спорту боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктерге жетип жаткан саналуу спортчулардын бири.
Рубрики: Жаңылыктар