Ысык-Көлдө дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт (программасы)Кыргызстандык окуучулар эл аралык биология олимпиадасында эки коло жеңиштиЧолпон-Атада “Ысык-Көл 2025” масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтүүдөАйыл чарба министрлиги быйыл сугат суу 1 млрд куб метрге көп берилгенин билдирдиКыргызстан менен Глобалдык жашыл өсүү институту табигый кырсыктарды алдын алуу жаатында кызматташатТүркстан облусунда «Борбордук Азия» эл аралык борборунун курулушу башталды
Камчыбек Ташиев Кембриджге өткөн кыргызстандык студентке акчалай жардам көрсөттү
29.07.2025 | 16:05
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ат-Башы районунун тургуну Нурлан Ногойбаевге Кембридж университетинде окуусун улантуусу үчүн акчалай жардам көрсөттү.
Ногойбаев технология саясаты багыты боюнча магистратурага тапшырып, Кембриджге кабыл алынган. Ал буга чейин президенттик “Эл үмүтү” стипендиясына ээ болгон, бирок окуу акысын толук жабууга мүмкүнчүлүгү жетпей, Ташиевге кайрылган.
Нурлан буга чейин Парижде жасалма интеллект боюнча магистратураны аяктаган, акыркы эки жарым жылдан бери авиация тармагында инженер болуп иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар