“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыяладыАшууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келинди
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдү
31.07.2025 | 12:55
Кыргызстанда майыптыгы бар жарандарды колдоо максатында аларга жардам көрсөткөн жеке ассистенттердин саны көбөйдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата мындай ассистенттердин саны 14 906 адамга жетти. Аларга жалпысынан 793 миллион сомдон ашуун каражат төлөндү.
Майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 15 225ти түзүп, анын ичинен 9 582си — 18 жашка чейинки балдар, ал эми 5 643ү — чоң курактагы адамдар.
Салыштыруу үчүн: 2024-жылдын 1-июлуна карата 14 537 жеке ассистентке 635 миллион сом төлөнгөн. Ал кезде майыптыгы бар адамдардын саны 14 848 болгон.
Рубрики: Жаңылыктар