Орусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМи
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды
10.04.2026 | 12:39

Бишкек шаарында Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, тергөөдө кармалгандар аталган экстремисттик уюмдун идеологиясын жайылтуу жана анын катарына адамдарды тартуу менен алектенип келгени аныкталган.

Алардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда чет өлкөдө басылып чыккан адабияттар жана материалдар табылып алынган.
Учурда кармалган жарандарга карата тергөө иш-чаралары улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар