Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Орусия-Өзбекстан археологиялык экспедициясы Амир Темирдин жортуулун изилдейт
01.08.2025 | 14:23

Королёв атындагы Самар мамлекеттик университетинин жана Самарканд мамлекеттик университетинин базасында Орусия менен Өзбекстандын эл аралык археологиялык экспедициясы түзүлүүдө. Бул тууралуу Самар университети билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун максаты – Амир Темирдин 1391-жылы Алтын Ордонун ханы Тохтамышка каршы жүргүзгөн аскердик жортуулун изилдөө.
Орусиядан, Өзбекстандан жана Казакстандан келген окумуштуулар жортуулдун багыты боюнча комплекстүү изилдөө жүргүзүшөт, анын ичинде:
- тарыхый ландшафтты изилдөө;
- дарыялардан өтүүчү жерлерди тактоо;
- коргонуу курулуштарынын калдыктарын издөө;
- жоокерлердин мүрзөлөрү болушу мүмкүн болгон жерлерди изилдөө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар