Кыргызстан немис фармацевттерине эркин экономикалык зона аркылуу ЕАЭБ рыногуна чыгууну сунуштады

Кыргыз Республикасы фармацевтика жана медициналык технологиялар тармагындагы долбоорлор үчүн мамлекеттик колдоо механизмдерин тааныштырды.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, кыргыз тарап немис компанияларына инвесторлорду мамлекеттик колдоонун учурдагы чараларын, ошондой эле республиканын аймагы аркылуу ЕАЭБ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул агенттиктин жетекчисинин орун басары Мээримбек Койчумановдун Lenus Health GmbH, German Global Trade Forum Berlin жана «МедФарм Консалтинг» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар фармацевтика тармагында, медициналык буюмдарды жана биологиялык активдүү кошумчаларды өндүрүүдө кызматташуунун келечегин талкуулашты. Эркин экономикалык зоналардын (ЭЭЗ) жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) механизмдерин колдонуу менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Республика экспорттук потенциалы бар ишканаларды түзүү үчүн инфратүзүмдү жана колдоо инструменттерин сунуштоого даяр.