Ысык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөт
2025-жылдын 6-августунда Чолпон-Ата шаарында «Германия экономикасынын күнү Кыргызстанда» аттуу кыргыз-герман бизнес-форуму жана Ишкерлер кеңешинин 4-жыйыны өтөт. Иш-чаралар белгилүү жайларда — «Рух Ордо» маданий борборунда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 Мамлекеттик резиденциясында болот.

Иш-чаранын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттиги. Форум Бишкек менен Берлиндин ортосундагы эки тараптуу экономикалык диалогду өнүктүрүү үчүн негизги аянтча катары белгиленген.
Ысык-Көл жээгинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес-коомчулук, эл аралык жана региондук инвесторлор, ошондой эле эки өлкөнүн ишкердик ассоциациялары чогулат.
Катышуучулардын көңүл борборунда биргелешип иштөөгө артыкчылык берилген тармактар болот. Алардын катарында — айыл чарба, логистика, чийки затты казып алуу жана кайра иштетүү, ошондой эле энергетика бар.
Күтүлүп жаткандай, форум инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.