Ноокендеги айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Бекибаев (А.Б.) коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, 22-июлда аймакка болгон иш сапарында Камчыбек Ташиев Бекибаев менен жолугуп, анын жер тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун сураган. Ал өз кезегинде: “Коррупциялык иштерге тиешем жок, эгер мыйзам бузуулар аныкталса, жооп берүүгө даярмын”, — деп жооп берген.
Бирок тергөөнүн жүрүшүндө Бекибаев 2019–2024-жылдары Достук айыл өкмөтүндө орун басар, кийинчерээк башчы болуп турган учурда бир нече коррупциялык иштерге аралашканы аныкталган.
Атап айтканда, жалпы аянты 9 620 чарчы метр болгон жер тилкеси 3,8 миллион сомго бааланганына карабай, болгону 209 миң сомго аффилирленген жактарга сатылган. Мындан тышкары, аянты 325 чарчы метр болгон башка бир жер тилке 438 миң сомдук базар баасына каршы, болгону 171 миң сомго берилгени да белгилүү болгон.
Шектүү учурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, анын тегерегиндеги башка адамдарга карата дагы иликтөө иштери башталды.
Тергөө иштери уланууда.