Эмгек министрлиги: “Социалдык контракттын” алкагында алгачкы миллионерлер пайда болду

04.08.2025 | 09:42

“Социалдык контракт” программасынын алкагында алгачкы миллионерлер пайда болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги маалымдады.

Ошондой эле быйыл социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйгөнү белгиленди.

2025-жылы 13 333 аз камсыз жана жакыр үй-бүлө жогорулатылган жардам суммасы менен программага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 046 арыз тапшырылып, алардын ичинен 2 241 үй-бүлө социалдык контрактты алган. Жалпысы менен программа 9 078 адамды камтыйт, алардын арасында 4 508 бала жана 45 майыптыгы бар адам бар.

“Мындан тышкары, алгачкы жолу жылдык кирешеси 1 млн сомду түзгөн «беш миллионер» – жогорку кирешеге жетишип, бизнесин кеңейткен жана жаңы жумуш орундарына шарт түзгөн катышуучулар аныкталды”,-деп айттылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top