Кыргызстандын энергетиктери күз-кыш мезгилине, ШКУга жана Көчмөндөр оюндарына даярданууда
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 9-апрелде Бишкек электр тармактар ишканасын кыдырып, инфраструктуранын абалын жана кызматтардын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Ал «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» («КУЭТ») ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев менен бирге кампаларды, аварияларды жоюу үчүн материалдардын жана жабдуулардын жетиштүүлүгүн, ошондой эле алардын сакталуу шарттарын көрүп чыкты.

Жабдуулар жетиштүү көлөмдө экени жана күз-кыш мезгилине даярдык башталганы белгиленди. Ошондой эле делегация АСКУЭ тутумунун Улуттук операциялык борборунда болуп, ишкананын атайын техникалары менен таанышты.
Кыдыруунун жыйынтыгында Ибраев ШКУнун иш-чараларына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сапаттуу даярдык көрүүнү, ошондой эле ал мезгилде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну тапшырды.

Ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине (ККМ) даярдыкты күчөтүү, оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүү, авариялык бригадалардын даярдыгын камсыз кылуу жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу милдеттендирилди.
Мындан тышкары, министр көп функционалдуу комплекстин, анын ичинде жаңы Ош базарынын жана автобекеттин курулуп жаткан аймагында 90 чакырымдык СИП-3 зымын тартуу боюнча курулуш-монтаждоо участогунун ишин күчөтүүнү тапшырды.
