Ысык-Көлдө “Салбуурун” этнофестивалы өттү

04.08.2025 | 11:07

2-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында аңчылык өнөрүнө арналган “Салбуурун” этнофестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Салбуурун федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалда чет элдик туристтер, жергиликтүү тургундар кыргыз элинин салттуу маданияты, аңчылык өнөрү менен таанышышкан.

Фестивалда аңчы куштардын, тайгандардын жана кыргыз жылкыларынын, ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмөлөр уюштурулган.

Атты минип жаа аткан мергендер, ат үстүндө ойногон жигиттер, “Жаныл Мырза” аялдар тобунун аткаруусу көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырган. Музыкалык бөлүктө комуз менен добулбас ойнолуп, жомокчулар “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришкен. Ошондой эле, катышуучулар жаа атуу боюнча сынактарга катышып, кыргыз элинин байыркы жазма мурастары менен тааныша алышкан.

Scroll to Top