Кыргызстанда +43 градуска чейин аномалдуу ысык күтүлөт — Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарыБишкекте «Цивилизациялардын диалогу» алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын өнүктүрүү талкууландыШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздук штабы 24/7 режиминде иштейтЕвропаны жаңы аптап капташы мүмкүн: БУУ Эль-Ниньо кубулушунун кайтып келишинен эскертетЭмгек министрлиги: Иш берүүчүлөр 8,4 миң бош жумуш ордуна кызматкерлерди издеп жатышат«Ак илбирс ЭкоФест 2026» — Кеминде экологиялык фестиваль өттү
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине кол коюлду
04.08.2025 | 11:54

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине (мындан ары — Санарип кодекси) кол койду.
Аталган мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана санарип мейкиндикте адам укуктарын коргоо, экономиканы өнүктүрүү жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Санарип кодексинин негизги максаттары:
- Санарип мейкиндикте жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
- Санарип экономикасын өнүктүрүүгө укуктук шарт түзүү;
- Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
Кодексте камтылган негизги жоболор:
- Санарип чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун негиздери;
- Мамлекеттик жана атайын жөнгө салуу тартиптери;
- Санарип мамилелердин субъекттери жана объекттери;
- Санарип дайындарын, анын ичинде жеке дайындарды иштеп чыгуу тартиби;
- Санарип жана телекоммуникациялык сервистер тууралуу жоболор;
- Жасалма интеллект тутумдары тууралуу жоболор;
- Мамлекеттик органдар жана жеке сектор ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби;
- Санариптик технологиялык тутумдардын ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу чаралары ж.б.
Санарип кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар