Венгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды
WP: 60 миң тонна АКШнын азык-түлүк жардамы кампаларда кармалып турат
04.08.2025 | 11:56

АКШнын 60 миң тоннадан ашуун гуманитардык азык-түлүк жардамы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү кампаларда жатат. Бул тууралуу The Washington Post (WP) гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алардын айрымы мөөнөтү аяктап бараткандыктан жоготуу чечими кабыл алынган.
Бул кырдаалга АКШ өкмөтүнүн Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ишмердүүлүгүн кыскартуу чечими себеп болууда.
Мисалы Род-Айленд штатындагы АКШ бийлиги тарабынан төлөнгөн, бирок дарегине жеткирилбеген 185 миңге жакын азык-түлүк кутулары кампада кармалып турат. Бул азык-түлүктөрдүн жалпы баасы болжол менен 75 миллион доллар деп бааланууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар