Венгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды
Кыргызстандык окуучулар Эл аралык информатика олимпиадасында ийгилик жаратышты
04.08.2025 | 12:52

27-июлдан 3-августка чейин Боливиянын Сукре шаарында өткөн XXXVII Эл аралык информатика олимпиадасында (IOI) Кыргызстандан барган окуучулар 2 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, олимпиадага 84 өлкөдөн келген 300дөн ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан 3 окуучудан турган команда барган.
“Сейтек STEM” мектебинин 11-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков менен Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Абдуллахан Абдирасулов коло медаль жеңип алышкан. Ошондой эле аталган Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Али Арапов Ардак грамота менен сыйланган.
Ал эми жалпы командалык орточо упай боюнча Кыргызстан 33-орунду ээлеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: информатика, олимпиада