Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Айрым мал-жандык ооруларына каршы вакциналар мамлекет тарабынан бекер берилүүдө
09.04.2026 | 15:30

Учурда өлкө аймагында мал-жандыктарды ылаңдарга каршы алдын алуу жана эмдөө иштери жүрүүдө. Айыл чарба министрлиги айрым вакциналар мамлекет тарабынан акысыз берилет.
Акысыз вакциналар төмөнкү ылаңдарга каршы берилет:
- Шарп;
- Бруцеллез;
- Кутурма;
- Сибирь жарасы;
- Кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдары.
Мындан тышкары, эхинококкозго каршы таблеткалар бекер берилет. Белгилей кетүүчү жагдай, биокаражаттар акысыз берилгени менен, эмдөө жүргүзгөн ветеринардын кызмат акысы мал ээси тарабынан төлөнөт.
Ал эми төмөнкү ооруларга каршы вакциналар жана каражаттар мал ээлеринин эсебинен сатып алынат:
- Лептоспироз, пастереллез, нодулярдык дерматит, карасан (эмкар), брадзот;
- Эчкилердин плевропневмониясы, жылкылардын ринопневмониясы;
- Чочколордун кыргыны жана рожа;
- Үй канаттуулары үчүн Ла-Сота, Чума Н, Марека вакциналары;
- Иттердин чумкасына каршы каражаттар;
- Жаныбарлардын эктопаразиттерине жана мите курттарына каршы препараттар.
Министрлик эмдөө иштери малдын саламаттыгын сактоо жана эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом