Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасы жөнөкөйлөтүлөт. Адылбек Касымалиев тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу тартибин сезилээрлик деңгээлде жөнөкөйлөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал Президенттик Администрациянын аппараттык жыйынында билдирди.
Жаңы демилге “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында ишке ашырылып, анын негизги максаты — ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана бүткүл процессти онлайн форматка өткөрүү.
«Ар бир айдоочуну түйшөлткөн көйгөйдү чечүүгө мезгил жетти»
Адылбек Касымалиев белгилегендей, учурдагы процедура жарандардын убактысын жана каражатын алып, мамлекеттик кызматтарды алууда негизсиз ыңгайсыздыктарга дуушар кылууда:
“Учурда күбөлүктү алмаштыруу үчүн жаран кеминде эки жолу мамлекеттик мекемеге барып, сааттап кезек күтүүгө аргасыз. Бул заманбап өлкө үчүн кабыл алынгыс көрүнүш.”
Расмий статистика көйгөйдү айгинелейт
- 2024-жылы берилген улуттук айдоочулук күбөлүктөр — 124 520, анын ичинен 54 481 алмаштыруу жолу менен берилген;
- 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында берилген күбөлүктөр — 85 816, анын ичинен 47 253 алмаштыруу жолу менен берилген.
Жаңы система кандай болот?
Онлайн режимге өткөрүү аркылуу жарандын:
- Арыз берүү,
- Документтерди тиркөө,
- Төлөм жүргүзүү,
- Даяр күбөлүктү алуу
процедуралары “Түндүк” платформасы же мобилдик тиркеме аркылуу жүзөгө ашырылат.
“Бул жараянды 5–10 мүнөттө үйдөн чыкпастан бүтүрүүгө шарт түзүлөт. Жарандардын убактысы үнөмдөлүп, мамлекеттик органдардын иши да ыкчам болот”, — деп белгиледи МинКаб төрагасы.