Бишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалдыТергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — Акыйкатчы
Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификациялады
02.04.2026 | 17:59

Жогорку Кеңеш 2-апрелдеги жыйынында Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Документке 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган.
Түшүндүрмө материалдарга ылайык, келишим ЕАЭБ өлкөлөрү менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган. Атап айтканда, ал товарлардын жана капиталдын эркин жүрүшү үчүн шарттарды түзүүнү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү карайт.
Келишимди ратификациялоо соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жана тараптардын ортосундагы экономикалык байланыштардын активдешүүсүнө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.