Трамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайы
Жарандардын жана ишкерлердин салык түйшүгүн азайткан мыйзамга кол коюлду
04.08.2025 | 17:18

Өлкө башчы Садыр Жапаров калктын жана ишкерлердин салык түйшүгүн азайткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, мыйзам бизнес үчүн дем берүүчү чөйрөнү түзүп, өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.
Мыйзамда бир катар салыктык жеңилдиктер каралган:
- транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюу;
- 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөө;
- 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн келип чыккан салык карызын эсептен чыгаруу;
- уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу;
- милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режимин белгилөө, чегерилген салык санкциясын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу, ошондой эле калдыктын толук суммасын төлөө мөөнөтүнө жараша туумдарды төлөө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: салык