Билеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Жарандардын жана ишкерлердин салык түйшүгүн азайткан мыйзамга кол коюлду
04.08.2025 | 17:18

Өлкө башчы Садыр Жапаров калктын жана ишкерлердин салык түйшүгүн азайткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, мыйзам бизнес үчүн дем берүүчү чөйрөнү түзүп, өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.
Мыйзамда бир катар салыктык жеңилдиктер каралган:
- транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюу;
- 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөө;
- 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн келип чыккан салык карызын эсептен чыгаруу;
- уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу;
- милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режимин белгилөө, чегерилген салык санкциясын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу, ошондой эле калдыктын толук суммасын төлөө мөөнөтүнө жараша туумдарды төлөө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: салык