Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги экс чиновниктерге таандык мыйзамсыз курулуштар буздурулду
Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине мыйзамсыз курулган бир катар имараттар бузулуп жатат. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, бул объектилер Насирдин Исанов көчөсүндө жайгашкан жана суу корук аймагын бузуу менен тургузулган.

Мыйзамга ылайык, дарыянын жээгинен 50 метр аралыкта курулуш иштери жүргүзүлбөшү керек. Бирок бир катар мурдагы жана учурдагы аткаминерлер бул талапты бузуп, жээкке ресторан, кафе жана медициналык борбор сыяктуу коммерциялык объектилерди салып алышканы аныкталды.
Бузулуп жаткан имараттардын ээлиги мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековго, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековго жана башка белгилүү адамдарга таандык экени айтылууда. Мындан тышкары, мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу мурдагы депутат Урмат Аманбаева, анын иниси, мурдагы элчи Бакыт Аманбаев жана салык кызматында көп жыл иштеген Эрмек Чоюновдун да ысымдары аталууда.
“Мэрия бузуулар мыйзам чегинде жүрүп жатканын, мыйзамсыз курулуштарга жол берилбестигин билдирүүдө”,-деп айтылат маалыматта.