ЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдө
Камчатканын түштүк бөлүгү жер титирөөдөн кийин эки метрге жылып кеткен
05.08.2025 | 17:09

30-июлда болгон күчтүү жер титирөөдөн жана ондогон афтершоктордон кийин Камчатканын түштүк бөлүгү түштүк-чыгышты көздөй дээрлик эки метрге жылып кеткен. Бул тууралуу Орусия Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынан билдиришти.
“30-июлдагы жер титирөөдөн кийин эң чоң сейсмикалык жылуулар жарым аралдын түштүк бөлүгүндө байкалган. Ал жакта жылуу дээрлик 2 метрди түзүп, 2011-жылы Япониядагы Тохокудо болгон жер титирөөдөн кийинки горизонталдык жылууларга барабар болгон. Петропавловск станциялар тобу (жана тийиштүү түрдө Петропавловск-Камчатский шаары) анча чоң эмес жылуу менен чектелген”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар