ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун көчкү түшкөн тилкеси бир тараптуу ачылды
08.08.2025 | 10:27

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин таш көчкү түшкөн 283–284-чакырымдар аралыгы тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде жалпысынан 141 миң м3 таш көчкү тазаланган. Кɵчкүнүн кɵлɵмү чоң болгондуктан 14 атайын техника жана 18 кишиден турган жол кызматкерлери тынымсыз иш алып барган.
Белгилей кетсек, 24-июль күнү болжол менен саат 12:00до, Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280–281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом