Көчмөндөр оюндарында 500дөн ашык адам медициналык жардам сурап кайрылдыОшто жасалма акциздик марка чапталган алкоголсуз суусундуктар аныкталдыКыяз Ниязов Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү тууралуу: «Башкы беттеш — Казакстан менен болот»«Көчмөндөр айылында» мыкты боз үй тандалатКараколдо турист такси айдоочусуна даттанды: айдоочуга 7,5 миң сом айып салындыИнвесторлорго жер 50 жылга чейин берилеби? Мыйзам долбоору эмнени өзгөртөт
Президент Таш-Көмүр шаарынын мэрин алмаштырды
07.04.2026 | 15:04

Келсинбек Бектемиров Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна мэр болуп Эрк Орозбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Эрк Орозбаев 1984-жылдын 2-мартында Ош облусунун Жаңы-Жол районунун (азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы району) Караван айылында төрөлгөн. 2020-жылы «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ал ошондой эле коомдук ишмердүүлүк жана жаштар демилгелери менен алектенген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат