Бакыт Төрөбаев Ноокатта 2030-жылга чейинки өнүгүү программасы боюнча жыйын өткөрдү

08.08.2025 | 12:43

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында “Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” алкагында жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, жыйында райондун учурдагы социалдык-экономикалык абалы, улуттук программанын артыкчылыктуу багыттары, жергиликтүү деңгээлде Иш-чаралар планын иштеп чыгуу маселелери каралды.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, айыл чарба, өндүрүш өнөр жайы жана туризм — Ноокат районунун негизги өнүгүү багыттары болушу керек. Ал комплекстүү ыкма менен заманбап инфраструктура куруу, жашоо деңгээлин жогорулатуу жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйын соңунда райондук администрацияга төмөнкү тапшырмалар берилди:

  • 2030-жылга чейинки өнүгүүнүн Иш-чаралар планын түзүү;
  • Аймактык векторлорго (айыл чарба, туризм, индустрия, жашыл энергетика, региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
  • Мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартууну күчөтүү.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top