Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат
Кыргызстандын жоокерлери КМШнын IV Аскердик-спорттук оюндарында алдыңкы орундарды багындырууда
08.08.2025 | 12:45

Россиянын Москва шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндарында Кыргызстандын жоокерлери мыкты жыйынтыктарды көрсөтүүдө.
6–7-августта өткөн мушташ өнөрү боюнча мелдеште Кыргызстандын командасы 2-орунду ээледи.
Куралдан ок атуу боюнча финалдык мелдеште Кыргызстандын командасы 3-орунду алды.
Жеке жыйынтыктар:
▪️ Элдос Сарыбаев (“Скорпион”) – ок атуу боюнча 1-орун
▪️ Кубатбек Талантбеков (“Скорпион”) – мушташ өнөрү боюнча коло медаль
Ок атуу боюнча командалык жыйынтык:
- Беларусь
- Россия
- Кыргызстан
- Өзбекстан
- Казакстан
- Тажикстан
Бүгүн офицердик жарыш жана самбо боюнча мелдештер өтүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт