Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Жалал-Абаддагы Каракөл ГЭСинин курулушун ушул жылдын аягында бүткөрүү пландалууда
12.08.2025 | 11:11

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясынын боюндагы Каракөл ГЭСинин курулушун быйылкы жылдын аягында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 18 МВтты түзгөн Каракөл ГЭСинин курулушу учурда 80%га бүткөрүлгөн. Башкы суу алуучу курулуш толугу менен бүтүп, ГЭС имаратынын колонналарын, крандардын устундарын, жогорку курулуш металл конструкцияларын жана чатырын монтаждоо иштери аяктаган. Бардык керектүү жабдыктар жеткирилген.
Учурда каналдарды бетондоо, сэндвич-панель дубалдарын монтаждоо, подстанциянын жабдууларын орнотуу иштери жүрүүдө.
Энергети министрлиги бардык курулуш-монтаждоо иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом