Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөкпулдарды жеткирүү үчүн 2% комиссия алынат
12.08.2025 | 10:56

2026-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин «Кыргыз почтасы» ААКсы аркылуу төлөнүүчү пенсия жана социалдык жөлөкпулдардын суммасынан 2 пайыздык комиссия кармалып турат. Бул тууралуу Министрлер кабинети бекиткен жаңы тартипте айтылат.
Комиссия почта кызматынын жеткирүү кызматын көрсөтүү үчүн алынат жана ал пенсионерлерден өзүнчө чогултулбайт. Төлөм түздөн-түз аларга которулган каражаттардын эсебинен кармалат.
Мурда бул кызмат үчүн тарифтер ар кандай болгон, эми болсо алар унификацияланып, жөнөкөйлөтүлдү. Өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар