ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматкерлери биргелешип машыкты
12.08.2025 | 14:40

Казакстанда КМШга мүчө өлкөлөрдүн чек ара кызматтарынын «Канжар-2025» биргелешкен машыгуулары өттү. Бул тууралуу Орусиянын Казакстандагы элчилиги кабарлады.
Бул иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын атайын бөлүктөрү катышып, уюмдун чек араларындагы кризистик кырдаалдарга жооп берүү боюнча даярдык көрүшкөн.
Машыгуулар диверсиялык топторду жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү аныктоо жана нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу максатында өттү. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын чек ара кызматтары катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: КМШ