Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
УКМК мурдагы уюшкан кышмыштуу топтун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү
12.08.2025 | 21:15

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун мурдагы мүчөлөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Маалыматка ылайык, 11-августта атайын кызматка Камчы Асанбектин (Көлбаев) мурдагы уюшкан кылмыштуу топторунун курамында болгон бир нече адам жеткирилген. Алардын арасында мурдараак кримавторитеттер менен байланышы болгон, түзөтүү абактарынын «смотрящий» макамын алып жүргөн, жан сакчы болуп иштеген жана диаспоралар үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн адамдар бар.
“Аларга уюшкан кылмыштуулуктун зыяндуулугу жана мамлекеттик органдардын бул багыттагы иштери тууралуу маалымат берилди. Жеткирилгендер кылмыш дүйнөсүнөн толук баш тартканын айтып, укук коргоо органдарынын аракеттерин колдоорун билдиришти”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар