«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Орусиялык медиктер “Добро” миссиясынын алкагында Кыргызстанга келет
13.08.2025 | 09:36

“Добро” миссиясынын алкагында 17-августта Орусиядан Кыргызстанга “РЖД-Медицина» адистери келип, консультациялар, хирургиялык операциялар, тегерек үстөлдөр жана окутуу модулдарын өткөрүшөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри бул иш-чараны талкуулоо үчүн Роскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев менен жолукту.
Ошондой эле экинчи миссия октябрга пландалууда. Анда Орусиядан келген мультидисциплинардык дарыгерлер өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын окутуучуларына ар андай окутууларды өткөрүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом