Баткендин Ак-Турпак күрүчү Америкага экспорттолууда

Айыл чарба министрлиги Баткендин “Ак-Турпак” күрүчү Америкага экспорттолуп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр “Ак-Турпак Групп” ишканасы Америкага 5 тонна сапаттуу күрүч экспорттогон. Быйыл болсо экспорттун көлөмү 10 тоннага жеткирүү пландалууда. Мындан тышкары Баткен күрүчү Европа өлкөлөрүнө жана коңшу Өзбекстанга жөнөтүлөт.
Министрлик “Ак-Турпак” күрүчүнүн АКШ, Европа жана Өзбекстан сыяктуу базарларга чыгышы — Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтүүдө маанилүү кадам экенин билдирди. Бул тенденция жергиликтүү өндүрүүчүлөр дүйнөлүк стандарттарга жооп берген продукция чыгара аларынын далили болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагы күрүч өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө өлкө боюнча алдыңкы аймактардын бири болуп саналат. Аймактагы “Ак-Турпак Групп” ишканасы күрүч иштетүү жана таңгактоо багытында ийгиликтүү иштеп келет. Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, күрүчтү тазалоо, кургатуу, сорттоо жана таңгактоо процессин толугу менен өздөштүргөн.