Баткендеги Сох анклавына “Өтүкчү – Апкан” жолу менен өтүү сунушталды

13.08.2025 | 16:04

Баткен облусундагы “Өтүкчү” автожол өткөрүү пункту убактылуу жабылганына байланыштуу, бүгүн КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облустук башкы башкармалыгы “Апкан” көзөмөл-өткөрүү пунктун кайра ишке киргизди.

Эске салсак, 12-августта саат 07:00 чамасында Кадамжай районунун Кайтпас – Өтүкчү жолунда жайгашкан “Өтүкчү” көпүрөсүндө жарака пайда болуп, жол убактылуу жабылган. Бул жол Өзбекстандын Сох анклавына барган негизги каттам болуп саналат. Жарандардын коопсуздугу үчүн Сох анклавына Өтүкчү – Апкан жолу аркылуу өтүү сунушталууда.

Кечээ кырдаалды жеринен көзөмөлгө алуу үчүн Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактияр Токсонбаев жана тийиштүү облустук кызматтар барып, кырдаалды жөнгө салуу иштерин башташкан.

Учурда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги көпүрөнү калыбына келтирүү аракеттерин жүргүзүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top